10-ноябрда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров барган учак Внуково-2 эл аралык аэропортуна учуп келди. Келген учурда мамлекет башчысын Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.
Алдыдагы саммиттин алкагында КБАКка мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоого басым жасашат. Жыйындын программасына ошондой эле уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана коллективдик коопсуздукту чыңдоо боюнча андан аркы кадамдарды аныктоо кирген.










