«Тез Жол» ЖЧКсынын жетекчиси Русланбек Кайымбаевдин маалыматы боюнча, Бишкектин Чыгыш төлөм жолу боюнча айланып өтүүчү жолунда жүрүүнүн орточо баасы болжол менен 500 сомду түзөт.
Төлөм системасы аралаш болот. Планга ылайык, зонага кирүүдө унаа катталат, ал эми төлөм жолдон чыгууда жүргүзүлөт.
- Эсептешүү накталай да, накталай эмес да жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
- Азыркы учурда «Элдик банк» менен биргеликте контактсыз төлөм системасы иштелип чыгууда, ал иштердин акыркы стадиясында турат.















