Бишкекте Токтогул көчөсүндө велосипед инфраструктурасын жаратуу иштери уланууда. Иштер Абдрахманов жана И. Айдарбеков (мурда — Жаш Гвардия проспектиси) көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жүрүп жатат.

Борбор шаардын мэриясынын пресс-кызматынын билдирүүсүнө ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы транспорт агымдарын чектөө боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууда. Долбоордун алкагында адистер велотиекти негизги автоунаа жолунан физикалык түрдө бөлүп турган атайын жол белгилерин чийип, делиниаторлорду орнотууда.

Бул чаралар жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичиндеги кыймылды коопсуз кылууга жана борбор шаардын велосипед инфраструктурасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт
Бишкек мэриясы