Бул участокто автотранспорттун кыймылы калыбына келтирилди. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бул райондун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу кыймылду камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бул этапта шаардык бийлик жол инфраструктурасынын кийинки кадамын ишке ашырууга өтүүдө. Бакаев көчөсүн А. Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистрали) чейин өткөрүү пландалууда.












