8-ноябрда Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында жылдын акыркы велопробеги болуп өттү. Катышуучулар 5,4 километр аралыкты басып өтүштү. Финиш «Газпром - балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жанында аяктады.
Пробег боюнча көрсөткүчтөр
Бишкек мэрээси Айбек Джунушалиев велокыймылды экологиялык таза транспорт түрү катары өнүктүрүүнүн зарылчылыгын айтты. Анын айтымында, учурда шаарда 77 километр веложол түзүлгөн, бирок толук кандуу инфраструктураны түзүү үчүн дагы чоң иштерди аткаруу керек.
Биз учурдагы инфраструктура жетишсиз экенин түшүнөбүз. Велосипед айдоочулары жөө жүрүүчүлөргө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбай, коопсуз жүрө алышы үчүн шарттарды түзүүнү улантышыбыз керек. Мэрия бул ишти улантат.
Иш-чаранын жүрүшүндө активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Мэр жети жашар Амир Акимовго жана майында велосезондун ачылышына катышкан Арген Тактанбековго велосипед берип, алардын арасында алты велосипед ойнотулушту.

























