Оңдоо иштерин ишкананын турбина, электротехникалык участокторунун, электротехникалык лабораториясынын адистери, ошондой эле атайын подряддык уюмдун кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Гидроагрегат толугу менен ажыратылып, негизги тетиктери жана механизмдери текшерилип, эскирген бөлүктөрү алмаштырылып, зарыл болгон калыбына келтирүү жана жөнгө салуу иштери аткарылды.
Учурдагы жана келечектеги оңдоо иштери
Бүгүнкү күндө ГЭС-3түн №1 жана ГЭС-6нын №2 гидроагрегаттарын капиталдык оңдоо, ошондой эле Быстровка ГЭСтин №2 гидроагрегатын орто оңдоо иштери толук аяктады.
Ушул жылы Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатын жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегатын орто оңдоо иштери пландалууда.
2026-жылга карата капиталдык оңдоо төмөнкү гидроагрегаттарга пландаштырылган:
- ГЭС-3 — №1 гидроагрегат;
- ГЭС-4 — №1 гидроагрегат;
- ГЭС-5 — №2 гидроагрегат;
- ГЭС-6 — №2 гидроагрегат.



