Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги көрүнүктүү венгриялык окумуштуу Дьюла Принцтин экспедицияларына арналган уникалдуу тарыхый-документалдуу көргөзмөнү тартуулайт.

Элчиликтен билдиришкендей, «Дьюла Принц: Венгриялык географтын 1906 жана 1909-жылдардагы Теңир-Тоо саякаттары» аттуу экспозиция 28-июлда саат 11:00дө Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде иштей баштайт.

Көргөзмөгө 28-июлдан 6-сентябрга чейин кирүүгө болот. Ачылыш күнү кирүү акысыз, кийинки күндөрү музей билеттери аркылуу болот.

Бул көргөзмө маанилүү датага, тактап айтканда, венгриялык изилдөөчү 1906-жылы, мындан туура 120 жыл мурун, азыркы Кыргызстандын аймагына алгачкы жолу келгенине арналууда.

1906 жана 1909-жылдардагы экспедициялары учурунда жаш изилдөөчү болжол менен 280 000 чарчы километр аянтты басып өтүп, картага түшүргөн. Анын жолунун олуттуу бөлүгү буга чейин европалыктар бут койбогон жерлер аркылуу өткөн. Дьюла Принц Теңир-Тоо кырка тоолорунун борбордук жана түштүк бөлүктөрүн дыкат изилдеп, Сары-Жаз дарыясынын алабын кеңири сүрөттөп, илимге эбегейсиз салым кошкон.

Анын сүрөт тартууга болгон өзгөчө жөндөмүнүн аркасында ал миллиметрдик тактыктагы панорамалык эскиздерди, анын ичинде Ички Азиянын плейстоцендик муздануусунун уникалдуу жалпы картасын түзгөн.