Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан ири транзиттик, энергетикалык жана социалдык долбоорлордун аркасында кыйла жогорулады. Мисалы, курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кавказ өлкөлөрүнө да үмүт берүүдө.

Ошону менен бирге, Азербайжан тарабынан өнүктүрүлүп жаткан Транскаспий маршруту биздин мамлекет үчүн маанилүү. Кытайдан Европага чейинки логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү эки өлкө үчүн тең чоң соода мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.