Лейлек районундагы Абдувалиева үй-бүлөсү кыргыз-таджик чек арасында болгон делимитациядан кийин турак жайынан айрылган. Мурда алар Тажикстандын жарандары болсо, 2016-жылдан тартып Кыргызстандын жарандыгын алышкан.
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Бул чечим үй-бүлөнүн кайрылуусунан кийин кабыл алынган.
Эки балалуу үй-бүлө Бишкекке көчүп барып, ижарага батир алып жашап жатышкан. Үй-бүлө башчысы экинчи топтогу майыптыкка ээ, алардын бир баласы дарыланууну талап кылат. Үй-бүлөнү колдоо үчүн ысык базар «Дордойдо» картон чогултуу менен тиричилик кылган.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Лейлек районунда дагы сегиз үй-бүлө ушундай эле кырдаалга туш келген. Аларга да кошумча үйлөр бөлүнүп берилет.
Чек ара делимитациясы боюнча Баткен облусунда 259 турак жай Тажикистанга өтсө, Согд облусунда 214 үй Кыргызстанга берилген. Тажикстандын аймагына калган үйлөрдүн ээлерине Баткен районуна караштуу Жаны-Достук айылында жана Лейлек районундагы Раззаков менен Максат айылдарында жалпы 257 жаңы турак жай курулган.










