Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарда жана өзгөчө абалдарда жабыркаган жарандарга бериле турган бир жолку социалдык жардамдын тартибин өзгөртүү сунушталууда. Бул тууралуу долбоор коомдук талкууга чыгарылган.

Каржылык негиздемеге ылайык, Каржы министрлиги бардык муктаж уязвдүү катмарлар үчүн жарандарды жашоо минимуму өлчөмүндө камсыз кылуу болжолдуу чыгымдары 10 миллиард сомго жетиши мүмкүн экенин эсептеп чыккан. Мындай чыгымдар республикалык бюджеттин аткарылышына тобокелдик жаратары белгиленди.

Ошондуктан, долбоордо айрым кабыл алуучулардын категориялары алынып салынды жана "эки жашоочунун жашоо минимуму өлчөмүндө төлөм" деген формулировканын ордуна, чыныгы муктаждыкка жараша төлөм берилүү сунушталууда.

Ошондой эле ден соолугуна зыян келген жарандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку жардам берүү өзгөчө көрсөтүлгөн. Атайын төлөмдүн көлөмү ар бир учур боюнча өкмөттүн чечими менен аныкталат. Мындай чечим жабыркагандыктын масштабын жана кесепеттерин, ошондой эле бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

Министрликтин юстиция кызматынан алынган билдирүүгө караганда, жардамды катуу зыян тарткан жарандар менен гана чектөө башка жабыркагандарга карата укук бузууларды пайда кыла алат.

Долбоордо жабыркаган жарандардын тизмесин түзүү жараяны такталууда. "Санарип аймак" системасына акыркы алты айдан бери жашаган жарандар каттоодон өтүүгө сунушталууда.

2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 133 өзгөчө кырдаал катталып, анда 79 адам көз жумган жана 18 киши жабыркаган. Ал эми 2025-жылы 14 кырдаал катталган, анын натыйжасында 32 киши каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган.