Оор жаракат алган кыргызстандык аял Түндүк Кипрде
3-августта Лефкосадагы Metropol супермаркетинде болгон окуяда 22 жаштагы кыргызстандык келин бычак менен оор жаракат алган. Ал дароо ооруканага жаткырылып, операциядан өттү.
Билдирүүгө караганда, келиндин абалы туруктуу оор бойдон калууда. Ал мезгил-мезгилде аң-сезимге келет жана медициналык адистердин көзөмөлүндө.
Жакынкы тууганы Түндүк Кипрге барып, учурда жабыркаган аялдын жанында болуп, колдоо көрсөтүп жатат. Кыргызстан элчилиги да бул ишти көзөмөлдөп, туугандары, дарыгерлер жана жергиликтүү кыргыз диаспорасы менен байланышта жатат.
Окуя болгон жердин полициясы бычактаган адамдын эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бычактаган киши да аң-сезимге келген, анын бөгөт чарасы каралууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны катуу көзөмөлгө алып, жергиликтүү бийлик жана медициналык мекемелер менен байланышууда. Элчиликтин билдирүүсүндө кыргызстандык жарандарга консулдук жана укуктук жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгы белгиленди.







