Чүй облусунда бала төрөлгөн үй азыркы балдар бакчасынын имаратында жайгашып, акушердик жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экени белгиленди.

Өкмөттүн чечими менен аталган бала төрөлгөн үй Новопокровка айылында жайгашкан жаңы, 100 орундуу имаратка көчүрүлүүдө.

Имараттын оңдоп-түзөө иштери бүтүп, жакын арада медицина кызматтары жаңы шарттарда, көбүрөөк орун менен көрсөтүлөт.