27-ноябрдан тарта Бишкек – Ош автожолунда кар жаашы жана жолдордо муз катталышына байланыштуу бардык түрлөргө жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМдин маалыматы боюнча, чектөө Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 11:15ден баштап күчүнө кирди.

Аталган чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жолдо тыгындарды болтурбоо максатында Жол кыймылынын инспекциясынын сунушу менен кабыл алынган.