Нурмамбет айыл аймагында, Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында көп этаптуу тазалоочу курулма курулууда. Долбоор «Асыл тери» заводунун экологиялык стандарттарын камсыз кылуу үчүн ишке ашырылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнчө, иштердин жүрүшүн Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев текшерди.
Жаңы объекттин технологиялык өзгөчөлүгү таштанды сууларды көп баскычтуу иштетүү мүмкүнчүлүгүндө. Система суудан хром жана күкүрт сыяктуу өзгөчө компоненттерди натыйжалуу чыгарууга мүмкүндүк берет, бул региондун экосистемасына техногендик жүктүн азайышына олуттуу салым кошот.
- 2026-жыл
объекттин курулушунун башталышы
- 2027-жыл
эксплуатацияга киргизүү пландалган
















