Бишкекте көрүнүктүү комузчу, күүчү жана насаатчы Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдыгына карата республикалык көрүнүш-конкурс аяктайт. Жыйынтыктоочу гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи 21-ноябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында пландаштырылган.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнчө, долбоор кыргыз комуз искусствосун сактоо жана өнүктүрүү үчүн ишке ашырылууда. Конкурстун негизги милдети — элдик күүөрдү жайылтуу жана улуу аткаруучунун музыкалык мурасын жаңы муундарга өткөрүп берүү.
Программа жана катышуучулар
Конкурска 17 жаштан баштаган комуз аткаруучулары катышат. Көрүнүштүн программасына «Сурнай күү» чыгармасын милдеттүү түрдө аткаруу, ошондой эле музыкалык ансамбль коштоосунда эки күүдөн бирин — «Келиндердин эрке күү» же «Арсар күү» — тандоо кирет.
- 18-ноябрь
Көрүнүш-конкурстун биринчи туру
- 20-ноябрь
Конкурстун экинчи туру
- 21-ноябрь
Гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Бардык этаптардын жыйынтыгы боюнча жогорку комиссия лауреаттарды аныктайт, алардын ичинде Гран-при ээлери, I, II жана III орундун призерлери, ошондой эле колдоочу сыйлыктардын ээлери болот. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары финалдык концерт учурунда жарыяланат.










