Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, аймактагы медициналык мекемелердин абалын жеринен көрүп чыкты.

Ал Аксы районунун Ак-Суу айылында жаңы ГСВ — ЦОВП Аксынын түзүмдүк бөлүмү ачылышына катышты. Бул мекеме район борборунан 85 чакырым аралыкта жайгашып, карай турган калк катмары 5000ден ашат.

ГСВ аймагы жөнүндө

5000кызмат көрсөткөн калк
176914 жашка чейинки балдар
17кызматкерлер

Мекеменин курамына терапия бөлүмү, балдар бөлүгү жана стоматологиялык кабинет кирет. Жалпы кызматкерлери 17 адам.