Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев пенсиянын быйыл күзүндө жогорулатыла турганын ырастады. Бул тууралуу ал «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоонун көлөмү бюджетке түшкөн кирешелерге жараша аныкталат.
Быйыл пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо салттуу түрдө октябрь айында жүргүзүлөрү белгиленди.



