"Кабар" агенттигинин маалыматына ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бишкек шаарындагы "Wool KG" жүн иштетүүчү ишканасына барды. Ишкана жергиликтүү жүн чогултуу, жууп, иштетүү, тараган жүн өндүрүү менен алектенип, учурда өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү долбоорун ишке ашырууда.

Учурда "Wool KG" Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын фермерлеринен жана даярдоочуларынан жыл сайын болжол менен 400 тоннага жакын жүн сатып алат.