10-ноябрда Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсара Абдибаева кафе жана ресторандардагы тейлөө акысын жокко чыгаруу маселесин көтөрдү. Ал ишканалар кардарлардан тышкары кошумча пайыз алып жатканын белгиледи.
Коомчулук тейлөө акысына каршы чыгууда. Ишканалар өз официанттарына өзү төлөшү керек, жарандар эмес. Мындай нааразычылыктар көп.
Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланова тейлөө акысы тамактардын баасына алдын ала киргизилгенин айтты. Бул кардарларга төлөнө турган жалпы сумманы билүүгө жардам берет деп белгиледи.
Абдибаева болсо акыры баары бир кардарлар төлөп жатканын айтып, тамактардын баасынын өсүшүнө тынчсыздануусун билдирди.
салаттын орточо баасы500 сом1000 сом +100%
Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев баалардын калыптанышына тамактын өздүк наркы, имараттын ижара акысы, окуп алуу жана башка төлөмдөр таасир этет деп жооп берди.












