Ош мэри Жанарбек Акаев шаардагы жети жалпы билим берүүчү мектепке интерактивдүү панелдерди тапшырды. Демилге окуу процессин техникалык жактан колдоого жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган.

Жабдууларды өткөрүп берүү жаңыдан курулган С. Жигитов атындагы № 2 мектепте мэрдин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуусунун алкагында ишке ашты. Шаар мэриясынан билдирилгендей, диалогго № 2 мектептин 11-класстарынын окуучулары, ошондой эле Ж. Боконбаев атындагы № 5, С. Алымкулов атындагы № 33 жана Г. Айтиев атындагы № 37 мектептердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар шаардык инфраструктуранын өнүгүшү, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр, билим алуу маселелери жана келечектеги пландар тууралуу шаар башчысы менен талкуулашты. Жанарбек Акаев окуучулардын суроолоруна жооп берип, жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жабдуу алган окуу жайлардын тизмеси

  • С. Жигитов атындагы № 2 мектеп
  • Т. Г. Шевченко атындагы № 19 мектеп
  • № 29 мектеп
  • А. Алиев атындагы № 30 мектептер
  • Ч. Тулебердиев атындагы № 34 мектеп
  • Ч. Айтматов атындагы № 36 мектеп
  • Октябрьдин 70 жылдыгы атындагы № 39 мектеп