Социалдык тармактарда депутат Камила Талиева мандатын тапшыруу жөнүндө борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди деген маалыматтар тараган. Жогорку Кенештин пресс-кызматынын расмий билдирүүсүнө ылайык, бул маалымат чындыкка дал келбейт.

26-ноябрда парламенттин жыйынында депутат текшерилбеген маалыматтардын жарыяланышына нааразычылыгын билдирип, кырдаалга түшүндүрмө берди. Талиева өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн улантып жатканын жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди мурунку режимде аткарып жатканын баса белгиледи.

Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же ушактардын мамлекетиндеби?
Камила Талиева

Парламентарийдин айтымында, так эмес маалыматтардын булагына айланган кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Талиева ошондой эле ушактардын тарашына ыкчам чара көркөнү үчүн парламенттин спикерине ыраазычылык билдирди.