Финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында Калктык казына министрлигинин орун басары Талас Айдарбек уулу тиешелүү мыйзам долбоорун тааныштырды. Документ боюнча, регулятордун 2026-жылдагы бардык пайдасы 2027-жылы республикалык бюджетке багытталат.
Бул максатка жетүү үчүн «Улуттук банк жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн күчүндө болуусун убактылуу токтотуу сунушталууда. Бул ченемдер банктын пайдасын бөлүштүрүү жана резервдерди түзүү тартибин жөнгө салат.
Улуттук банктын кирешеси
Депутат Дастан Бекешев мекеменин өз муктаждыктарына каражат жетиштүүбү деп сурап, антифрод-системаны түзүүгө каражаттын жетишсиздиги мүмкүн экенин белгиледи. Ал кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселесин көтөрүп, башка банктарга кетпеш үчүн бул зарыл экенин айтты.
Пайданы дайыма алып салып жатышат. Сиздердин өз муктаждыктарыңарга каражат жететпи? Балким, ошол себептен антифрод-системаны түзүүгө акча жетишпей жаткандыр?
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров банктын өз чыгымдарын толугу менен жаап жатканын билдирди. Ал бул чечим банктын ишине терс таасир тийбейт деп эсептейт, ал эми айлык акы маселеси боюнча сунуштар каралып жаткандыгын белгиледи.













