Кыргызстанда салык төлөөдөн качуучулардын саны бир же эки жылдын ичинде кескин азайышы мүмкүн. Бул процесс салык төлөөдөн качуу экономикалык жактан чыгымдуу болуп калгандыгы менен байланыштуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында айтты.

Анын айтымында, азыркы учурда салык төлөөдөн качуучулардын саны азалып жатат жана бул тенденция алдыда дагы күчөйт. Мурда, болжол менен 10 жыл мурун, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, өлкө экономикасынын үчүнчү бөлүгү «күңгүлт» секторду түзгөн болсо, азыр кырдаал өзгөрдү.

Салык төлөөдөн качуучу болуу пайдасыз болот. Мисалы, аларга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн. Мамлекет баарын көрө алат.
Алмамбет Шыкмаматов

Салыктык администрацияны жакшыртуу үчүн жаңы куралдар, санариптик чечимдер жана жасалма интеллект колдонулууда. Бул чаралар аркылуу «ак салык төлөөчү» деген түшүнүк калыптанып жатат.

Президенттин жарлыгынын максаты — бизнес жүргүзүп, салыктарын өз убагында төлөгөн жарандардын ишин жеңилдетүү. Алар өзүн алдамчы эмес экенин далилдөө үчүн кызматкерлердин кабинетине барып жүрбөшү керек. Бирок бул салык төлөөдөн качуучуларга жеңилдик берүү дегенди билдирбейт.

Азыркы учурда алдамчылыктын бир нече схемалары кездешүүдө. Алардын ичинде төлөөчү эмес адамдардын атына компанияларды каттоо жана жок товарлар үчүн эсеп-фактураларды чыгаруу сыяктуу кылмыштар бар.