Экономика жана коммерция министрлиги коомдук тамактануу ишканалары тарабынан сатылып жаткан өз өндүрүшүндөгү айрым суусундук түрлөрүн милдеттүү маркалоодон бошотуу мөөнөтүн 2033-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштаган. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ менен Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

  1. 2027-жыл, 1-январь

    Суусундуктарды маркалоону киргизүү мөөнөтү (мурунку план)

  2. 2033-жыл, 1-январь

    Маркалоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча жаңы сунушталган дата

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, айрым продукцияларды акциздик маркалар менен маркалоо мөөнөтү 2027-жылдан 2033-жылга чейин жылдырылат. Бул чаралар төмөнкү категорияларга кирген суусундуктарды камтыйт:

  • Өз өндүрүшүндөгү суусундуктар, анын ичинде кант, башка таттуулоочу же даам берүүчү заттар кошулган минералдык жана газдалган суулар (ТН ВЭД 2202 позициясы).
  • Улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма).
  • Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу ишканалары өз ишканасынын аймагында даярдап, түздөн-түз саткан продукциялар.

Маанилүү жагдай: эгерде продукция керектөөчү таңгакта (упаковкада) сатылса, анда бул норманын астында болбойт. Бошотуу ишканалар өз алдынча даярдаган жана таңгаксыз саткан суусундуктарга гана тиешелүү.

Сунушталган чара коомдук тамактануу ишканаларынын жана улуттук суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн административдик жүгүн азайтууга багытталган.
Экономика жана коммерция министрлиги

Министрлик берген негиздемеде, бул чечим ресторандык жана мейманкана бизнесинин өкүлдөрүнүн кайрылуулары менен байланыштуу экени белгиленген. Ишкерлер өндүрүштүк суусундуктарды өндүрүү менен коомдук тамактануу ишканаларында суусундуктарды даярдоонун ортосундагы айырманы белгилөө зарыл экенин айтышкан.