Бишкектеги бир нече жаран теориялык жана практикалык экзамендерди ийгиликтүү тапшырганына карабастан, айдоочулук күбөлүк ала албай жатышат. Танкелсинен, мамлекеттик органдар бул маселени автомектептин бүтүрүү тууралуу күбөлүгүнүн алты айлык мөөнөтүнүн аяктаганы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок жарандардын суроосу так: эгерде документтин мөөнөтү алдын ала өтүп кеткен болсо, эмне үчүн аларды экзаменге киргизүүгө жана убакыт менен акчасын жумшоого жол берилди?

Бул кырдаалга Бишкек шаарынын тургуну Айжан Мукамбетова жана анын 19 жаштагы уулу туш болушкан. Жаш жигит өткөн жылы эле жеке автомектепте окуган, бирок ден соолугунун начардыгынан улам сабактарды убактылуу токтотууга аргасыз болгон. Медициналык маалымкаттардын негизинде окуусун кайра улантып, курсту аяктап, 2026-жылдын 23-мартында документти колго түшүргөн.

Бирок автомектеп белгисиз себептерден улам документке өткөн жылдын июлун дата катары көрсөтүп коюптур (электрондук базага документ 2025-жылдын 31-июлунда катталган). Курсант дароо Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (