Австралиялык климатолог, ARC «XXI кылымдын аба ырайы» мыкты борборунун кызматкери Андреа Тащетто Эль-Ниньонун күчтүү кубулуштары да дайыма эле белгилүү бир аймактар үчүн олуттуу кесепеттерге алып келбей турганын билдирди. Себеби, анын таасирине башка факторлор да кошулат.

Жаңы Түштүк Уэльс университетинин доцентинин айтымында, айрым жерлерде күчтүү Эль-Ниньо иш жүзүндө чоң кесепеттерди жаратпашы мүмкүн. Австралия дал ушундай жерлердин бири, ал жерде Эль-Ниньонун таасиринин ар түрдүүлүгү байкалат.

Окумуштуунун түшүндүрмөсүнө караганда, Эль-Ниньонун белгилүү бир аймактарга тийгизген так таасирин алдын ала айтуу кыйын. Себеби, регионалдык климатка Индия океанындагы ушуга окшош климаттык кубулуш болгон Индия океанынын диполу сыяктуу башка процесстер да таасир этет.

Адатта, Эль-Ниньо Австралиянын түштүк-чыгышында кургак аба ырайынын жана кургакчылыктын ыктымалдыгын жогорулатат. Бирок, 1997-1998, 2015-2016 жана 2023-2024-жылдардагы күчтүү Эль-Ниньо мезгилдери жаан-чачынга олуттуу таасир тийгизген эмес. Башка жагынан алганда, 2002 жана 2006-жылдардагы алсыз Эль-Ниньо мезгилдери Австралиянын кээ бир аймактарында кургакчылык менен байланыштуу болгон.
Андреа Тащетто, климатолог