Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, бул кызмат мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында иш алып барып, калкка үзгүлтүксүз психологиялык, социалдык жана укуктук колдоо көрсөтөт. Ишеним телефонуна келип түшкөн кайрылуулардын саны жана түрлөрү боюнча статистика төмөндөгүдөй.

Кайрылуулардын түрлөрү

1513Психологиялык зомбулук
335Физикалык зомбулук
251Экономикалык басым
142Куугунтуктоо

Ишеним телефонунун адистери консультациялар менен эле чектелбейт. Жардам көрсөтүүнүн алкагында 1309 адам юридикалык кызматтарга багытталса, 1302 кайрылган жаран квалификациялуу психологиялык колдоо алышкан. Зарыл болгон учурда адистер көйгөйлөрдү чечүүгө мамлекеттик органдарды жана адистештирилген уюмдарды ыкчам тартышат.