Энергетик и бөйрөк оорулары: Кардиология борборунун жетекчиси коркутуп айтты
Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерология бөлүмүнүн жетекчиси Мамираим Жумабаев энергетикалык ичимдиктердин кооптуулугу тууралуу эскертүү жасады. Ал мындай ичимдиктердин адамдын ден соолугуна, өзгөчө жүрөк-кан тамыр жана бөйрөк системаларына терс таасирин тийгизет деп белгиледи. Жумабаев энергетикалык ичимдиктердин курамындагы жогорку кантты жана башка компоненттерди сапатсыз жашоо образынын белгиси катары баалады.














