Кыргызстандын Энергетика министрлиги жарандарды кар жаап кеткенге чейин көмүр ресурстарын алдын ала сатып алууга чакырды. Бул боюнча ведомство маалымат берди.
Министрлик көмүр базаларынын даректерин жана учурдагы бааларды төмөнкү булактардан билүүгө болорун билдирди:
- 2GIS тиркемесинде издөө сабына «Кыргызкөмүр» деп жазуу аркылуу
- «Кыргызкөмүр» ААКнын Instagram жана Facebook расмий баракчаларындагы биринчи бекитилген жарыялардан








