Кыргызгидромет Бишкек шаары үчүн 25-июлдан 31-июлга чейинки аба ырайынын болжолун жарыялады.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 25 жана 26-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күндүз кыска мөөнөттүү жаан жана күн күркүрөшү мүмкүн.
27-июлдан 31-июлга чейин борбор калаада жаан-чачынсыз аба ырайы болжолдонууда. Батыш шамалынын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы
25-июлда түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.
26-июлда түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус күтүлөт.
27-июлда түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус.
28-июлда түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35 градуска чейин көтөрүлөт.
29, 30 жана 31-июль күндөрү түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36 градус болору болжолдонууда.


