Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунун 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ал өз сөзүндө облустун тарыхый маанисин баса белгилеп, Талас ар дайым ынтымактын, тынчтыктын жана достуктун жери болгонун, ар түрдүү элдердин жана маданияттардын өкүлдөрүн урматтоо салттары калыптанган аймак экенин айтты.
Адылбек Касымалиев кыргыз эли байыртадан эр жүрөк жана баатыр эл экенин белгилеп, Талас Манастын, Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Чыңгыз Айтматовдун мекени экенин баса белгиледи. Анын айтымында, бул жер Кыргызстанды баатырдыгы, таланты жана эмгеги менен даңазалаган көрүнүктүү инсандарды тарбиялаган ыйык жер. Ал облуска мындан аркы өнүгүүнү, бакубатчылыкты жана гүлдөп өсүүнү каалады.













