Гүлча шаарынын «Гүлчинское коммунальное хозяйство» коммуналдык ишканасы экологиялык талаптарды бузганы үчүн административдик айып пулга жыгылды.

Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы видеотасманын негизинде иликтөө жүргүзүп, мыйзам бузууну аныктады.

Бул мыйзам бузууларга байланыштуу мекемеге жалпы 46 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Текшерүү видеоматериалдын социалдык тармактарда жарыяланганына байланыштуу 29-июлда башталган.