Москов районунун Петровка айылынын аймагында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын ванна жайында өрттөө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Министрликтин Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл бөлүмү маалымдады.
Сөз болуп жаткан мыйзам бузуу Чүй облусунун аймактык Службасындагы инспекторлор тарабынан социалдык түйүндөрдө жайылган видеоматериалдарга таянып текшерилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча объекттин ээси 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пулга жыгылып, калдыктарды чогултуу, сактоо жана утилдөө эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, мыйзам бузууга жол бербөө боюнча эскертүү берилди, мындан ары мындай окуялар кайталоого тийиш эмес.



