Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында (ДУМК) 2027-жылы боло турган умра жана хаджды уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Аталган жыйындын жүрүшүндө алдыда боло турган иштердин планы кылдат талкууланды. Бул тууралуу ДУМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Комиссия Хадж-2027 үчүн зыяратчыларды каттоо эрежелери өзгөргөнүн белгиледи. Эми ажылыкка каттоо бирдиктүү санариптик система аркылуу, "Умра-Ажылык" мобилдик тиркемеси аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул тиркеме iOS жана Android платформалары үчүн иштелип чыккан.
Аталган санариптик система аркылуу кезектер түзүлүп, квоталар бөлүштүрүлөт, төлөмдөр ишке ашырылат, ошондой эле кайрылуулар каралып, башка процедуралар аткарылат.
Жыйында зыяратчыларды каттоодон тышкары, ажыларды ташуучу авиакомпанияны тандоо, эмдөө иштерин уюштуруу, зыяратчылар үчүн бирдиктүү форманы даярдоо маселелери да каралды. Мындан сырткары, тиешелүү сынактарды өткөрүү мөөнөттөрү жана негизги талаптары аныкталды.
Ошондой эле, комиссия умраны уюштуруу маселесин карап чыкты, анткени учурдагы келишимдердин мөөнөтү бүтүп жаткан. Умра кызматтарын көрсөтүүнү каалаган компанияларды аккредитациялоо, келишимдерди узартуу жана жаңы талаптарды иштеп чыгуу талкууланды.



