Кыргызстандын борборуна чет элдик делегациялардын алгачкы катышуучулары 26-июлга караган түнү келишкен.
Форумдун ишине жалпысынан массалык маалымат каражаттарынын, аналитикалык борборлордун жана профилдик уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын негизги бөлүгү 27-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт. Анын жүрүшүндө катышуучулар маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, ЖМК жана аналитикалык борборлор ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ошондой эле глобалдык медиа мейкиндигинин өнүгүшүнүн заманбап тенденцияларын талкуулашат.
Форумду Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жана «Синьхуа» маалымат агенттиги уюштурууда.


