26-ноябрда Умрага жөнөгөн кыргызстандык дин кызматкерлери жана паломниктер менен байланыштуу жаралган кырдаал боюнча расмий түшүндүрмө берилет. Пресс-конференция «Кабар» агенттигинин базасында саат 15:00дө өткөрүлөт.
Иш-чаранын катышуучулары катары мамлекеттик жана диний мекемелердин жетекчилери катышат. Алар учурдагы кырдаалдын себептерин жана анын чечүү жолдорун баяндашат.
- Дин иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов
- Кыргызстан муфтиясынын орун басары Шакир ажы Маматов
- Дүйнөлүк муфтияттын (ДУМК) Умра бөлүмүнүн жетекчиси Абдулазиз ажы Туташпаев








