Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин жашоочуларын америкалык аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерден алыс болууга чакырды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.
ИРСКнын маалыматы боюнча, америкалык аскерлердин бир бөлүгү базаларды таштап, шаарлардагы имараттарга жайгашкан. Иран аскерлери тургундарды АКШ аскерлери жашыруун жайгашышы мүмкүн болгон объектилерден кеминде 500 метр аралыкты сактоого үндөдү.
ИРСК бул эскертүүнү АКШнын Иранга каршы уланып жаткан соккулары жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн жооп кайтаруу аракеттери менен түшүндүрдү.
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн "Хатам аль-Анбия" борбордук штабынын кол башчысы Али Абдоллахи ар бир каза болгон ирандык үчүн бир америкалык аскер кызматкеринин өлүмү менен коркутуп, бул коркутуу Тегерандын жаңы аскердик стратегиясынын бир бөлүгү экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, 8-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен согуштук аракеттерди токтотуу боюнча убактылуу келишим мындан ары күчүн жоготконун жарыялаган. Андан кийин америкалык аскерлер Ислам Республикасынын аймагына сокку урууну кайрадан баштаган.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 23-июлга карата америкалык армия катары менен 13 түн сокку урганын билдирди. CENTCOM маалыматына ылайык, буталарга Ирандын аскердик командалык борборлору, учкучсуз аппараттардын кампалары, байланыш тармактары жана жээктеги байкоо объектилери кирген.
Өз кезегинде, Иран күчтөрү региондогу америкалык аскердик объектилерге чабуул жасаганын жарыялоодо.



