Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 25-июлда өлкөгө расмий сапар менен келген Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Си Цзиньпиндин сапарын жана темир жол коридорун талкуулашты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуп, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин алдыдагы мамлекеттик сапарына даярдыктарды талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана ШКУнун Бишкекте өтө турган саммити сыяктуу маанилүү долбоорлор да каралды.













