24-октябрда башталган Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясынын алкагында адистер Кыргызстандагы туруктуу саламаттык сактоо тармагын модернизациялоо долбоорун каржылоо потенциалын изилдеп жатышат.

Модернизацияланычу объектилер

Миссиянын жүрүшүндө ИӨБ өкүлдөрү Ош жана Нарын облустарына барышты. Бул региондордо курулуш үчүн сунушталган аянтчалар изилденип, жер тилкелеринин жана учурдагы инфраструктуранын абалы бааланып, ошондой эле региондук саламаттык сактоо тутумунун муктаждыктары аныкталды.

  • Ош облустар аралык онкологиялык борбору
  • Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар корпусу
  • Нарын облусундагы көп тармактуу оорукана

Иштин этаптары жана миссиянын максаттары

Учурда КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен жумушчу жолугушуулар өтүп жатат. Долбоорду даярдоонун кийинки этаптары, ишке ашыруунун техникалык аспектилери жана ИӨБ колдоосу менен мүмкүн болгон каржылоонун шарттары талкууланууда.

Бул демилгелерди ишке ашыруу саламаттык сактоо инфраструктурасын бекемдеп, медициналык кызматтардын сапатын жогорулатып, өлкөнүн региондорундагы калктын адистештирилген жардамга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.