Онкология жана гематология улуттук борборунда адистештирилген Ядролук медицина борборун түзүү боюнча долбоор каралууда. Бул демилге Кыргызстанда онкологиялык жардам көрсөтүү системасын сапаттуу жакшыртууга багытталган.
Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Бахадыр Бебезов «Кабар» агенттигине билдиргендей, ядролук медицинаны өнүктүрүү — ата мекендик медициналык кызматты өркүндөтүү үчүн зарыл болгон дүйнөлүк тренд болуп саналат.
Азыр биз анын ишке ашырылышын күтүп жатабыз жана курулуш жакын арада башталат деп үмүттөнөбүз. Бул онкологиялык кызматты өнүктүрүү үчүн келечектүү багыт
Атап айтканда, медициналык мекемеде бул багытты өнүктүрүү боюнча «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен кызматташтыкты караган долбоор даярдалган. Курулуш иштери жакын арада башталат деп күтүлүүдө.











