Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана Айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан жарыяланган изилдөөдө көрсөткөндөгү 197 өлкө жана аймакты камтыган жаңы изилдөөдө 2030-жылга чейин азык-түлүк системаларын өнүктүрүү боюнча эл аралык максаттарга көпчүлүк мамлекеттер жетише албай турганы белгиленди.
Иликтөөнүн алкагында азык-түлүк сапаты, саламаттык сактоо, экологиялык көрсөткүчтөр жана жашоо шарттары боюнча 44 көрсөткүч каралды. Натыйжалар боюнча, мамлекеттердин көпчүлүгү 30 негизги көрсөткүчтүн ичинен болгону бирөө гана боюнча жетишүүгө мүмкүнчүлүк алышты — мобилдик байланыштын кеңири жайылышын камсыз кылуу.
Көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча аз сандагы мамлекеттер гана максатка жетиши күтө турганы аныкталды. Өзгөчө азык-түлүк системаларынан чыгуучу парник газдарынын көлөмүн азайтуу жагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Учурдагы темптер менен бул багытта да 2030-жылга чейин эч бир өлкө белгиленген максатка жетише албайт.
Аймактар боюнча алганда, Африка өлкөлөрүндө 23 көрсөткүч боюнча ар жылы минимум 15–20% деңгээлде өсүш керек. Азияда болсо азык-түлүк коопсуздугун жыл сайын 63% ашык жакшыртуу зарыл.
Жогорку кирешелүү региондор да олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Мисалы, Европа өлкөлөрүндө азыркы темптер сакталса дагы, 2030-жылга чейин 19 көрсөткүч боюнча максаттарга жете албай турганы айтылды.



