11-август күнү Бишкектеги Моссовет аймагындагы валюта алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу жана сатуу курсу өзгөрүүсүз калды. Анын сатып алуусу 87,5 сомду, сатылуусу 87,8 сомду түздү.
Ошол эле учурда евро курсунда төмөндөө болуп, анын баасы 20-30 тыйынга чейин арзандады. Еврону сатып алуу 100,2-100,3 сом, сатуу 101 сом деңгээлинде болду.
Орус рублунун курсу да аз сандуу төмөндөп, анын сатып алуусу 1-1,02 сом, сатылышы 1,02-1,022 сомду түздү.









