31-июлдан 2-августка чейин Иссык-Көл жээгинде Биринчи жолу Борбор Азияда F1H2O дүйнөлүк суудагы мотор унаалары чемпионаты өткөрүлөт. Бул иш-чара Кыргызстандын спорт тармагындагы эң ири окуя болуп белгиленүүдө.

25-июлдан тарта Кыргызстанга спортчулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана коноктор келе баштады. Манас аэропортунда H2O уюмунун президенти Николо ди Сан Жермано, UIM президенти Раффаэле Кьюлли, ошондой эле Stromoy, Abu Dhabi, Sharjah, Atlantic, Maverick, Victory, CTIC сыяктуу эл аралык командалардын өкүлдөрү күтүлүүдө.

Иш-чара катышуучулары

20эл аралык командалар
30өлкө өкүлдөрү
≈25 000коноктордун болжолдуу саны

Кыргызстан мамлекеттик туризм агенттигинин директору Эдуарда Кубатованын билдирүүсүндө, дүйнөлүк чемпионат өлкөнүн туристтик имиджин жогорулатууга чоң салым кошот. Бул Кыргызстандын туризм индустриясында жаңы экономикага өтүүнүн символуна айланат.

Биринчи орун басары Эрденет Касымовдун айтымында, мындай масштабдуу спорттук иш-чаралар Кыргызстандагы туризмди жана экономикасын өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп калат.