Кыргызстан учурда бир нече эл аралык процессинин борборунда турат. Ысык-Көл сыяктуу маанилүү жайда Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусу өтүп, регионалдык кызматташтык маселелери каралууда.

Андан тышкары, дүйнөлүк спорт коомчулугунун көңүлүн бурган UIM Formula 1 H2O чемпионатынын баскычы өткөрүлүүдө. Бул окуя өлкөнү регионалдык жана эл аралык медиа мейкиндигинде алдыга чыгарууда.

Ысык-Көл дипломатия, спорт, туризм жана экономиканын кесилишкен жери болуп калды. Бул иш-чарага расмий делегациялар, эл аралык командалар, федерациялардын өкүлдөрү, чет элдик журналисттер жана миңдеген коноктор катышууда.

Бул деңгээлдеги жарыштар сапаттуу инфраструктураны, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана мамлекеттик органдардын мыкты координациясын талап кылат. Мындай сабаттуу иш-чаралар мамлекеттин уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү болуп саналат.

Formula 1 H2O этаптарын өткөрүү Кыргызстанга эл аралык престижин бекемдөөгө, Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, инвесторлордун кызыгуусун арттырууга жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш чараларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындай окуялар өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп, ишенимди түзүп, жаңы эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн ачууда.