Иссык-Көлдө өткөрүлүп жаткан суунун Формула-1 боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда кыз-флайбордчу абага Кыргызстандын желегин алып чыгып, өзгөчө көрүнүш тартуулады.
Мелдеш 31-июлдан 2-августка чейин болуп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышууда. Спорттук күрөштүн жүрүшүнө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери да күбө болду.
Эртең, 2-августта, чемпионаттын эң негизги этабы — Гран-при өтөт. Ошондо мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелердин ээктери аныкталат.


