Германиядан келген посылканы алууга аракет кылган учурда кармалган эркек алгач ичинде жер семирткич бар экенин айткан. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө ал посылкада наркотикалык зат кошулган суюктук жөнөтүлгөнүн мойнуна алды, деп билдирди ведомство.
Кармалган адамдын айтымында, жөнөтмөнү Германияда жашаган таанышы жөнөткөн. Бажы кызматкерлери менен ИИМдин Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен операциясынын натыйжасында тыюу салынган затты алып кирүү фактысы токтотулду.
Германиядан эл аралык почта жөнөтмөсү аркылуу наркотикалык каражатты мыйзамсыз алып кирүү токтотулду
«Т» препараты актуалдуу мыйзам ченемдиктерине ылайык мамлекеттик көзөмөлгө татыктуу.








