Депутат Токтобубу Ашимбаева жогорку класстарда профилдик окутууга өтүүгө даярдык көрүү маселесин көтөрдү. Анын маалыматы боюнча, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алкагында мектеп министрлиги профилдик окутуунун жети-сегиз багытын караштырууда.

Мисалы, эки класс бүтүрүүчү айыл мектептерин алсак, балдар тандаган профили боюнча башка мектептерге баруу үчүн 10-15 километр аралыкты басышы керек. Мындай шартта жаңы модель кантип ишке ашат? Кырдаалга талдоо жүргүзүлдүбү? Базистик окуу планы жана окуу китептери иштелип чыктыбы?
Токтобубу Ашимбаева

Билим берүү министрлигинин орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин билдирүүсүнө таянсак, Кыргыз билим берүү академиясы профилдик багыттар боюнча базистик окуу планы менен программаларды иштеп чыгууда. Жаңы модель 2027/28-окуу жылында киргизилет.