Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсү боюнча, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында заманбап мектептин курулушу улантылууда. Аталган объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып жатат.

Жалпы баасы 265 миллион сомду түзгөн долбоор 2026-жылдын февраль айында башталган. Жаңы мектеп 375 окуучулук орунга эсептелген. Долбоордун алкагында үч кабаттуу окуу корпусу, акт залы жана зарыл шарттар менен жабдылган спорт залы курулушу каралган. Имараттын жалпы аянты 3 377 чарчы метрди түзөт.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин, мектеп эки сменде 750гө чейин окуучуну заманбап жана ыңгайлуу шарттарда окутууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда объектте экинчи кабаттын колонналарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.