Кабыл алуу 9-августта өткөн. Ага Баткен облусунун башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жетекчилик кылды.

Облустагы өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, тургундар социалдык, коммуналдык, жер маселелери жана башка багыттар боюнча кайрылышкан.

Иш-чарага айыл өкмөтүнүн башчылары жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Кошумча кароону талап кылган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерге тийиштүү тапшырмалар берилди.

Мындай көчмө кабыл алуунун максаты — жарандардын кайрылууларын жеринде карап, келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү экени белгиленет.