"Кабар" агенттиги Associated Press басылмасына шилтеме берип билдиргендей, окуя өткөн аптада болгон. Бала отургучка отуруудан жана коопсуздук курун тагуудан баш тарткандан кийин учак терминалга кайтууга аргасыз болгон.
Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, баланын ата-энеси жана экипаж мүчөлөрү аны отургучка отургузуп, кур тагуу үчүн бир нече жолу аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. Ушундан улам, учак Британ Колумбиясындагы Виктория эл аралык аэропортунун терминалына кайтып келген. Ал жерде ата-энеси баласы жана жүгү менен учактан түшүрүлгөн.
Торонтого багыт алган каттам ошол күнү саат 00:30га чейин кечиктирилген. Аэропорттун учуу-конуу тилкеси ошол убакытка чейин жабылгандыктан, калган жүргүнчүлөр да учактан түшүүгө мажбур болушкан.
Porter Airlines жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, аларды кийинки күнгө Торонтого учкан каттамга которушкан.

